Коом

Башкы санврач: Карантиндик чектөөлөр кайрадан сунушталат, эгер эпидемиологиялык абал кайра курчуса

Бүгүн республикалык пресс-борбордо 6-майга карата эпидемиологиялык абал тууралуу статистикалык маалыматтарды берип жатып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, республиканын башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев базарлардын, соода түйүндөрүнүн өтө шатыра-шатман иштеп жатышы, адамдардын жайнап көчөдө жүрүшү жана ушуга байланыштуу өзгөчө абалга тийиштүү шарттар сакталбаса, бул факторлор эпидомиологиялык абалды кайрадан курчутуп ийиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Ушунчалык чоң аракеттер менен эпидемиянын жайылышын алдын алууга жетишкен найтыйжалардын баардыгы текке кетиши мүмкүн, деп башкы санврач, элдин көчөдө жайнап жүрүшүнө карата катуу тынчсыздануусун билдирди. Эгерде эпидемиологиялык абал курчушуу нугуна түшө турган болсо, анда саламаттык сактоо министрлиги кайрадан катаал карантиндик чектөө режимин сунуш этээрин айтты. Азыр жайнап көчөдө жүрүүгө эрте экенин эскертти. Сөзсүз социалдык дистанция кармоо (1,5-2 метр) аркылуу гана бул инфекциянын жугушун басаңдатууга болоорун баса белгиледи. Мындан тышкаары беткапты кийип жүрүү милдеттүү түрдө болуш керектигин айтты.

Азыркы карантин режиминин чектөөлөрү, ошого байланышкан жасалып жаткан иштердин баары, биринчи кезекте жалпы элдин саламаттыгы үчүн экенин баса белгиледи, Нурболот Үсөнбаев.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button