Дүйнө

Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрин кызматтан кетирди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен 5-майда өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Насим Олимзода кызматынан алынды. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына караганда, Насим Олимзоданын кызматтан алуу чечими анын башка кызматка которулушуна байланыштуу чыгарылган. Бирок, анын кайсы кызматка которулганы тууралуу маалымат жок.

Анын ордуна өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри болуп Абдуллозода Жамолиддина Абдулло дайындалганы маалымдалды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button