Касым-Жоомарт Токаев Дарига Назарбаеванын ордуна көздөй кишисин дайындады (видео)

2-майда Казакстандан президенти Касым-Жоомарт Токаевдин жарлыгы менен Казакстан Парламентинин Сенатынын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары токтотулган. Ал эми 4-майда Казакстандын Боршайкому президенттин жарлыгын бышыктап, Д. Назарбаеванын депутаттыгын токтотуу боюнча токтом чыгарган. Д. Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугунун токтотулушу анын автоматтуу түрдө Сенаттын спикерлигинен кетүүсүнө алып келген.
Казакстан Парламентинин Сенатынын спикери өлкөдө президенттен кийинки экинчи жетекчи болуп саналат.
Эми, ошол эле 4-май күнү Касым-Жоомарт Токаев өз көздөй кишисин — 2019-жылы анын президенттик шайлоо компаниясынын штабын башкарган, акыркы убактарда мамлекет башчысынын администрациясында жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Ашимбаев Маулен Сагатханулын Сенаттын депутаттыгына дайындады. Андан соң дароо эле Сенаттын депутаттары аны спикерликке шайлашты.
Касым-Жоомарт Токаев бул дайындоосу менен Дарига Назарбаеванын бийликтен ажыратылышынын себептери тууралуу көптөгөн божомол-жоромолдорго чекит койду. Айрыкча оппозициянын картасын чаташтырып таштады. Экинчи жагынан, иш жүзүнө келгенде Сенаттын спикерлигине өз кишисин алып келүү менен Казакстан президенттин бийлигинин алда канча чыңдады.
Ошол эле учурда Маулен Ашимбаев «Нур-Отан» партиясынан өсүп чыгып анын төрагасынын орун басарлыгына чейин жеткенин да эстен чыгарбашыбыз абзел. Демек, жаңы спикер Казакстандын биринчи президентине да жакын адам.
Ушундан улам, М. Ашимбаев копромисстүү фигура экенин да, Казакстандагы бийлик балансынын сакталышына өбөлгө түзөөрүн айта кетүү керек.
Abal.kg