Окуялар
Шашылыш билдирүү! Кайрадан сел жүрүшү ыктымал

6-7-майда Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
«Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр да жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жамгырдан өлкөнүн түштүк аймактарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал», — деп айтылат маалыматта.
Күтүлгөн туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатары айтылды.
Abal.kg