Коом

Коронавирус. Кыргызстанда экинчи толкун бир-эки жумада башталышы ыктымал

Эгерде жарандар карантин талаптарын аткарбай, буза берсе, коронавирус жуктургандардан улам бул илдеттин экинчи толкуну  бир-эки жумадан кийин кайра башталаарын айтты Саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында азыр  көпчүлүк адамдар  эшикте беткапсыз эле жүрүшөт, өзгөчө абалдын талаптары аткарылбай жатат. Ошондуктан өлкөнүн баардык жарандары талаптарды аткарышы шарт. Карантин талаптарын аткарбагандарга административдик жана кылмыш жоопкерчиликтери каралган.

“Абдан көп адамдар карантиндин талаптарын аткарбаганы үчүн  жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Мындай иштерди аткараарда улгайган эле адамдар көз жумбастан, кимдин өнөкөт оорулары болсо аларга да зыяны тийип жатканын унутпайлы. Биз жогорку муунга, чоң ата, чоң апаларыбызга, ата-энелерибизге коркунуч туудуруп жатканыбызды эсибизден чыгарбайлы.  Европа  жана башка өлкөлөрдө эмне болуп жатканын көрүп атасыздар. Бул оору адегенде жогорку муунга зыяны тийип жатат” – деп айтты.

“Азыр Кыргызстандагы абалдын бир калыпта кармалып туруусу мамлекеттин, маморгандардын жана медициналык кызматкерлердин  аракетинен улам болуп жатат. Эгерде биз ушинтип карантин талаптарын буза берсек, экинчи толкун башталып кетүү коркунучу бар. Бул абдан жугуштуу жана коркунучтуу вирус экенин эстен чыгарбайлы”,- деди.

Үсөнбаев  жарандарды жеке гигиенаны сактоого жана ар дайым беткап кийип жүрүүгө чакырды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button