Дүйнө

Россияда беткап тагынуу милдеттүү түргө өтөт. Аны бузгандар айып төлөшөт

5-май, шейшемби күнү Россиянын Мамлекеттик советинин коронавирус менен күрөшүү боюнча  жумушчу тобунун жетекчиси, Москванын мэри Сергей Собянин, коргоочу беткапты бүтүндөй  өлкө боюнча тагынууну киргизүү тууралуу губернаторлор менен жыйын өткөрдү.

Буга чейин эле Россиянын аймактары коронавирус менен күрөшүү боюнча жаңы чараларды киргизип, анын ичинде беткап тагынууну милдеттендирүү жагына басым жасай башташкан.

Мисалы, Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев 1-майдан тартып аймакта коронавирус коркунучун азайтуу максатында «беткап режимин» киргизүү боюнча токтомго кол койгон. Бул документке ылайык 12-майдан тартып (карантин режиминин аякташы) беткаптарды коомдук жайларда тагынып жүрүү милдеттүү түрдө  болот, аны бузгандарга административдик айып салынат. Аймакта социалдык жактан аз камсыз болгондорго беткаптар “жеңилдетүүчү жагдайларда” берилет жана Россия Федерациясынын антмонополиялык кызматынын  областтык бөлүмүнө беткаптарга баанын көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн көзөмөл жүргүзүү жагы тапшырылган.   

Ал эми 5-майдан баштап беткап режимин  Нижегород областынын бийлиги да киргизди. Бул аймакта беткап кийүү коомдук унаада, таксиде, дүкөндөрдө, аптекаларда, банктарда жана башка коомдук имараттарда, ошондой эле базарларда милдеттүү түрдө болот. Областтык өкмөттүн пресс-кызматынын билдирүүсү боюнча медициналык беткаптары жок Нижний Новогороддун тургундары соода залдарына, тутумдашкан ири дүкөндөргө киргенде аны бекер алышат.  

Мурдараак Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров өлкөдө беткаптарга тартыштык жок экенин билдирген. Беткап режиминин милдеттүү түрдө киргизилиши коронавирус инфекциясынын адамдан адамга жугуусун азайтат, деп эсептейт, Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаары  пульмонологу  Сергей Авдеев: «Эгер беткапты баары тагына турган болсо, ал сөзсүз инфекциясы бар кишиде да болуш керек».

“Коммерсантъ” басма үйүнүн материалдарынын негизинде даярдалды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button