Окуялар

ИИМ. Милиция кызматкерлери адашып кеткен 3 жаштагы баланы таап, ата-энесине беришти

Бүгүн, 6-майда болжол менен саат 11.00 чамасында ИИМдин Академиясынын кызматкерлери милициянын полковниги З.Джоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичирайонундагы С. Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн  болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. Ошол замат кызматкерлер Октябрь райондук ИИБна маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди. Баланын энеси саат 10.30 баштап аз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button