93 жаштагы өз алдынча баса албаган байбиче коронавирусту жеңди

Москвада 93 жаштагы бейтап коронавирус инфекциясынан толук айыгып чыкты. Бул тууралуу Александр Васильевич Вишневский атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, профессор Александр Грицкевич билдирген.
«Инфекция жуктурган адам картайганына жана өнөкөт ооруларына карабастан, коркунучтуу коронавируска каршы күрөштө баардык аракетин көрсөттү. Ошентип, биз бул вирусту чогуу жеңе алдык», — деп билдирген профессор.
93 жаштагы аял киши ооруканага 22-апрелде баш оору, алсыроо, температурасы көтөрүлүп жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. Мурда анын жамбаш сөөгү сынгандыктан кыймыл-аракети чектелүү болуп, өз алдынча баса алчу эмес. Дарыгердин айтымында, экспертизадан кийин андан коронавирус инфекциясы аныкталган.
Abal.kg



