Окуялар

Жашы жете элек майып уулунун көзүнчө сабаган. Кошунанын арызы

Токмокто кошуна аялды сабаган эркек  тартип сакчыларынын колуна түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 28-апрелде болгон. 37 жаштагы аял  милицияга арыз жазып, “кошуна эркек мас абалында эч себепсиз эле үйгө кирип келип, жашы жете элек майып  баламдын көзүнчө сабады”  деген.

Ал эми кошуна аялды урган 61 жаштагы киши милицияга кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын үстүнөн КР КЖКнын 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button