Окуялар

COVID-19. Жалдагы балдар ооруканасынан бир нече эне-баладан, медкызматкерлерден вирус аныкталды

Бишкек шаарындагы Жал кичи районуна жайгашкан “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунда бир нече медициналык кызматкер жана энелер, балдары менен кошо коронавирус жуктуруп алганы тууралуу «Здоровье» (АКИpress) – маалымат агенттиги жазып чыкты.

Агенттикте Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча  мурда ушул борбордун гематология бөлүмүндө дарыланган бейтаптан коронавирус аныкталды деп айтылат. Бул бейтап Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун тургуну болгондуктан, ошол жактан текшерүүдөн өтүп, тийиштүү маалымат келген.

Ошондон улам бул борбордогу баардык бейтаптарды жана медицина кызматкерлерин коронавируска текшерүүдөн өткөрүшкөнү айтылат.

Тест тапшыруунун  негизинде бул борбордо коронавируска алынган анализден жети адамдан оң натыйжа чыккан. Алар: 2 бала, 3 эне, 2 медкызматкер болгон.

Калган 20 медкызматкер, 13 бала, 7 эненин анализдери терс чыкты деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу ЖК депутаты Эльвира Суравалдиева да Жал кичирайонундагы балдар ооруканасынан бир нече бейтаптан коронавирус аныкталганын твиттер баракчасына жазып чыккан эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button