Окуялар

АКШда коронавирус боюнча ачылыш жасаар алдында турган окумуштуу өлтүрүлдү

АКШда  Питтсбург  университетинин Бин Лю деген окумуштуусу  өлтүрүлдү. Ал COVID-2019 боюнча маанилүү ачылыш жасаар алдында турган. Бул туурасында  People басылмасы маалымдады, деп 7-майда Газета. Ру билдирди.

Полиция 37 жаштагы окумуштуунун көптөгөн ок жеген денесин ишембиде үйүнөн табышкан. Аны өлтүргөн кишинин өлүгү да, үйдөн алыс эмес жерде, машиненин ичинде табылган. Кылмышкер өзүн өзү өлтүргөн деген божомол бар.  

Тергөөнүн маалыматы боюнча эки эркек бири-бири менен тааныш болушкан. Люнун коллегалары, окумуштуу SARS-CoV-2  инфекциясынын  негизинде жаткан клеткалык механизимдери түшүнүү боюнча өтө маанилүү ачылыш жасаардын алдында турган, деп айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button