Саясий рейдерликпи же саясий плагиатпы?

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ушу жылдын 4-майында өзүнүн “фейсбуктагы” баракчасына «Депутатты тандоо укугун ээсине — элге кайтарып берели» деген сунуш менен чыкты. Кайрылууну дыкаттык менен үңүлүп карасак болочокто шайлоо өнөктүгүн өткөрүү процессинде партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүү учурунда, талапкерлер кайрылууда көрсөтүлгөн ыкма менен тандалса, анда чын эле акыйкаттык менен таза тандоо болуп, парламентке татыктуу инсандар келээри байкалат.
Бирок белгилей кетчү жагдай — так эле ушундай маанидеги сунушту юстиция министрлигинен жаңы эле каттоодон өткөн «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров өзүнүн партиясын туулуп өскөн Ысык-Ата районундагы Тельман айылында 2019-жылдын 11-сентябрында презентациялоо учурунда айтып чыккан. (Бул жөнүндө видеотасма биздин колдо турат, анан калса бир катар гезиттердеги интервьюлары да бар экен). Ал келечекте Жогорку Кеңештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин түзүүдө олигархтарды парламентке келтирбей, кесипкөй, эл арасында кадыр-баркы бар жарандар келсе экен деген тилекте ушул ыкманы айтып сунуштаган.
Айтайын дегенибиз «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек мырза же жаштык кылып өжөрлүгү жетпей калдыбы, же микрофону жок болуп, аудиториясы тарыраак болуп калдыбы, айтор бул жакшы идеяны ийине келтирип, элдин калың катмарына партиянын ноу-хаусу катары жеткире албады. Өкүнүчтүүсү эми минтип идеяны карт бөрүлөргө тарттырып жиберүү абалында турат.
Ушундай учурдан пайдаланган эски саясатчы Ө. Текебаев да, жаңы чыгып келаткан депутат Жанар мырза да, эми минтип А. Сулайманов да бул идеяны өздөрүнүкүндөй көргөзгүсү келип, маал-маалы менен чыга калышууда. Саясатчыларыбыздын мындай жоруктары чүкө ойногон кичинекей балдардын чоңу кичинекейинин, алдуусу алсызынын чүкөсүн тартып алуучу жоруктарын эске салат. Алтынбек Сулайманов ал кезектен өтүп, бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин бакыйган депутаты экенин сезсе болмок. Анткени бирөөлөрдүн идеясын уурдап алуу же рейдерликке жатат, же жеңил айтканда плагиаттык деп эсептелет. Ошондой болуп кетпеш үчүн жок дегенде элге кайрылуу учурунда «мындай сунуш менен буга чейин да кээ бир партиялардын өкүлдөрү чыгып жүрүшөт» деп белгилеп койсо, өзүнүн да, өңгөнүн да аброюн көтөрүп койбойт беле?! Жигитчилик кылбайт беле?!
Алтынбек мырзанын бул идея меники деп айтууга такыр эле моралдык укугу жок! Чындап эле өзүнүкү болсо, анда 2007-жылы Бакиевдин заманынан бери депутат болуп келаткан, шайлоо Кодексине далай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштарына катышып жүргөн депутат жаңы эле ойгондубу, же эми араң акылына кирдиби?! Же элге ак кызмат кылуу керек экенин эми түшүндүбү? Андай кадамдарга барып парламентке татыктуу, кесипкөй депутаттардын келишине шарт түзгөндүн ордуна «Бир Болго» жалаң капчыктууларды киргизип, ээлеген ордуларына жараша “жашылбай” менен акчасын шыпырып алып, шайлоодон да бизнес жасап жибербеди беле?!
Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде саясатчыларыбыз шайлоо жакындаганы элге жасалма жакшы көрүнүүнүн жолун издебей, канткенде мамлекетибизге пайда келтиребиз, кантип элдин жашоо деңгээлин көтөрөбүз деп толгонушса. Шайлоонун шайтан оюндарынан өйдө болуп өздөрүнүн да, мамлекеттин да тагдырын ойлоп, бийик маданиятты көрсөтүшсө деген эле тилек.

Abal.kg


