Окуялар

Чаткалга адамды акыркы сапарга узатып, сөөк коюуга баргандар коронавирус жуктурушкан

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатканы тууралуу 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Ал жак жабык турган, алыскы район. Бир тажия болуп, ошол жерге адамдар барган, Бишкектен да барыптыр. Коронавирус менен ооругандардын барып калышы элдин арасында инфекцияны жайылткан. Бир себепке байланыштуу 13 учур катталды. Бүгүн ошол жакка барган, катышкандардын баарынын аты-жөнүн, жашаган жерин тактап чыгып, көзөмөлгө алып жатабыз».

Бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда коронавирус 132 адамдан табылды.

Учурда сөөк коюуга катышкан жергиликтүү жашоочулардын толук атын-жөнү, дареги такталып, көзөмөлгө алынган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button