Окуялар

Ноокенде эс алууга бараткан мектеп окуучулары кырсыкка кабылышты, көз жумгандар бар

Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунда  жол кырсыгы катталып, мектеп окуучусу каза болду, дагы үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ОИИБ маалыматты тастыктады.

Ноокен районунун А.Төрөгелдиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары “Хендай Портер” унаасы менен Кара-Булак жайлоосуна баратышканда жолдон  Кыр-Жон  айылынан кырсыкка кабылышкан. Унаанын ичинен үчөө  секирип түшүүгө үлгүрүшкөн.

Унааны 1995-жылы төрөлгөн У.Э. айдап бараткан. Ал рулду башкара албай калган. Унаанын ичинде төрт мектеп окуучулары болгон. Алардын үчөө ооруканага жаткырылып, бирөө  каза тапты.

Маалыматка караганда мектеп окуучулары жайлоого эс алууга баратышкан. Каза болгон баланын ата-энеси жайлоодо болгондуктан ошол жакка бармак экен, биротоло малды да жайлоого  жеткирүүнү пландаштырган экен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button