Коом

Коронавирус. Дарыгер күйөөсүнө жуктурган, бейтапкананын кароолчусу да ооруп атат

Бишкектин №14 бейтапканасынын коронавирус жуккан үч кызматкери ооруканада жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.

Алар: башкы дарыгер, дарыгер жана кароолчу. Мындан тышкары, башкы дарыгердин күйөөсүнө да илдет жуккан, анын абалы оор деп мүнөздөлүп жатат. Башкы дарыгердин абалы канааттандырарлык.

Кароолчунун жубайы буга чейин коронавирус аныкталган №3 бейтапканада иштери аныкталды.

Үсөнбаев “№14 бейтапканада мобилдик топтор бар. Ошондой топто иштеген бир дарыгери келип башкы дарыгерге отчет берип турчу. Башкы дарыгер ошол жерден жугузуп алган окшойт. Бир нече жолу текшерилгенде ПЦР чыккан эмес. Денеси ысыганда үйдөн дарыланып, аракет кылган. Ошол учурда күйөөсүнө да жуккан. Бейтапкананын кароол кызматкери да ооруп калган” деди.

№14 бейтапкана Биринчи май районунун аймагында, Булгаары иштетүү заводу жакта жайгашкан.

Азыркы тапта мекеме ишин улантууда. Ооруп калгандар менен контакт болгондор аныкталып, обсервацияга алынат.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button