Дүйнө

А.Лукашенко коргонуу үчүн велосипед тебүүгө, өбүшүүгө кеңеш берди

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко буга чейин өлкөсүнө коронавируска каршы бир да жолу аракеттерди жасабай келгени башка мамлекеттерде катуу сынга алынып келген. А түгүл Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да Белоруссияны сынга алып келет.

Ал эми кечээ өлкөнүн президенти Александр Лукашенко  элине коронавирустан кантип коргоно турган сунушун айтты. Ал белорусиялыктарга көчөгө чыгып, велосипед тепкенге кеңеш берди. Бул тууралуу Белоруссиянын жергиликтүү ММКлары жазып чыкты.

“Велоспед тебүү дем алууга жардам берет жана өпкөлөр туура иштеп баштайт. Үйдө камалып отурган адамдын ден соолугу чың болбойт”, — деди ал.

Лукашенконун дагы бир сунушу элди таң калтырды:

“Эгер сиз бирөөнү өөп койсоңуз, анда өбүңүз. Эгер сен эркек болсоң, анда башка аялга барба. Мейли, бир айга чыдамдуу бол. Эгер үй-бүлөңдө бир нерсени сүйкөп алсаң, анда үй-бүлөдө кал”, – деп  эркектердин башка аялды сүйүп кетпесин кеңеш берди.

Эскерте кетсек, Белоруссияда азыркы тапта 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата парадга катуу даярдык көрүлүп аткан кез.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button