Коом

Коронавирус. 11 киши жуктуруп алганы аныкталды, Бишкек шаарында көп катталууда

Бүгүн Кыргызстанда дагы 11 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч адамдан табылды. Арасында эки медицина кызматкери бар. Ушуну менен өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 906га жетти», — деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Коронавирус табылган медицина кызматкерлеринин саны 226 болсо, анын 163ү сакайып ишине кайткан.

Акыркы суткада Кыргызстанда 13 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Өлкө боюнча коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 650 болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button