Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид милицияга жардам бергенби же…

Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев Чүй облусундагы блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине тамак-аш жана башка жардамдарды бергени тууралуу фейсбук баракчасына жүктөгөн эле.
Бул тууралуу Чүй облусттук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратып аткан мурдагы президенттин уулунун айтканын четке какты.
“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган милиция кызматкерлерине жардам берди” деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Маалыматка ылайык, мурунку президенттин балдары Чүй облусунда 200дөн ашык милиция кызматкерлерин тамак-аш жана суусундуктар менен камсыз кылды деген маалымат туура эмес. Чүй облусундагы милиция кызматкерлери керектүүлөрдүн баары менен камсыз болгон. Мурунку президенттин балдары жардамды Аламүдүн районунун аймагындагы элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга берген.
Эске салсак, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев посттордо турган жергиликтүү тургундарга, милиция кызматкерлерине жардам бергенин Фейсбуктагы баракчасына видеосу менен катар жазган эле.

Abal.kg