Сыймык Жапыкеев алгач ишеним жаратса, азыр элди иренжитип жатат

7-каналдын кабарчысына Сыймык Жапыкеев кухнясына отуруп алып маек берип жатат. Көрүп атып анын сүйлөгөнүнө гана эмес, кыймыл- аракеттерине, журум- турумуна таң калат экенсин.
Азыр элдин баары карантинде отуруп, адамдардын чыныгы психологиялык жүзүн ачып жатат окшойт… Анын сөгүнүп, ызырынып колун жаңсап, стулга чалкалап, бутун талтайтып отурганын көргөн адам сүйлөгөнүнүн аягына чейин чыдап уга алгыдай эмес. Бирөөнү сындап, болгондо да «коррупционер!»- деп вердикт тагып аткан адам алгач адекваттуу, салмактуу, анализдеп, сүйлөй алганы менен айырмаланып турса, бери жакта көрүп аткан адам да ишенип, тартылат да. Анын сүйлөгөнү мындай: “хапать этишти, жешти, акчага көмүлүштү! Ким жеди, кантип жеди, качан жеди, канча жеди?” — буларга жооп жок. Өзү айткандай кухнядан чыга албай отуруп, жөн эле сүйлөй береби? Кубанычбек Жумалиев “сизди сотко берем — деди, фактыныз барбы” — деген суроого, «фактыларды көрсөтмөк тургай, бир жерине тыгып туруп көрсөтөм!» — деп, бир эмес эки жолу кайталап, кабарчы балага кантип тыгарын колу менен көрсөтүп атат. Ушундан кийин аны адекваттуу деп айтууга ооз барбай калды.
Негизи эле байкагандан, Жапыкеев эмне деп жатканын билбей, транс абалында сүйлөп жаткандай элес калтырды. Жаңы эле фактыларды бир жерине тыгам деп туруп, ага карама-каршы сүйлөгөнүн өзү байкабады окшойт. Максат Мамытканов байкем мага чалып айтты: ага Финполициядан чалып айтканыңар боюнча арыз жазасынарбы? — дешиптир. Финполиция өзү териштире берсин, мен аларга эч нерсе далилдебейм — дейт. Бул не деген сөз?… Дагы бир бай Т. Сарпашевдин бир костюму 12 миң доллар турарын кайдан билдиңиз — десе, досуна ушинтип мактаныптыр” — дейт.
Имиш, айтты, уктум менен эле жооп бере берсе болобу? Ушундан кийин ал Башкы Прокуратурада коррупционердик схемалардын бетин ачкан тергөөчү болуп иштегенине ким ишенет? Ызырынып, «эмнеге акчасы жок адамдар чиновник, министр боло албайбыз. Биз нищий слой кала беребизби?!» — дейт. Ошондо ал чиновник болгусу келип, аларга көз артып атабы, түшүнбөйсүң?
Чын-чынына келгенде башы иштеген балдар башы иштебеген балдар менен аралашып эле чиновник болуп иштеп жүрүшөт. Чиновниктин баары бай эмес. Байдын баары чиновник эмес…
«Он олигарх- акмактар!» Биринчи Жумалиев менен Сарпашевди камашсын, анан сегизинин атын атайм. Алардын ар биринин атын азыр атасам, мени ушул кухнядан эле атып кетишет” — дейт. Айтты деп эле атып кеткидей алар жинди эмес болсо керек. Экөөнү каматыш үчүн далилдеп бериши керекпи, Сыймык кухнядан чыкпай отурса, кантип каматат? Каматмак турсун Жумалиев менен теледебатка чакырса качып барбай койбодубу.
“Эмнеге мунун баарын Прокуратурада иштеп жүргөндө айткан жоксуз?” — десе, «эл өзү кызык, азыр айтканыма сүйүнүшпөйбү», — деп салды.
Ачыгын айтканда, Жапыкеевди коомчулук алгач колдоп жаткан. Бирок акыркы учурдагы анын жүрүм-туруму, оройлугу, радикал чакырыктары, бирөөлөрдү ашкере мазактаганы коомчулукту иренжитип, “Сыймыктын дени-карды сообу?” деген сөздөрдү айтып, жаза башташты.
Жапыкеев чын эле патриот болуп, эл үчүн күйүп-бышып атканы чын болсо, алгач өзүн тарбиялашы керек. Эл өзү сергек ой-жүгүрткөн, айткан сөзүн далилдеген, айтканы менен кылганы шайкеш келген адамды сыйлап алат. Азыр көчөгө чыгып кыйкыргандарга эл ишенбей калган. А кухняда отуруп кыйкыргандарга андан бетер ишенбейт…
Ал эми Сыймыктын «Манас жок» — деп туруп, бир топ адам менен бирге түзгөн тобунун атын «Чон казат» коюп алгандары, алардын радикалдуу чакырыктары, адамдарды ашкере айыптоолору ж.б. боюнча башка кеп болот…
Карыбек Асанкулов