Коом
Мелис Турганбаев Саламаттык сактоо министрлиги тактала элек маалымат берип жатканына таң калды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери коронавирус жуктуруп алганы азырынча тактала элек. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Мелис Турганбаев айтканын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери 3 жолу ПЦР-анализ тапшырып, анын экөөсү терс чыккан. Учурда ал обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жуктуруп алган деп айтууга азырынча эрте.
Ошондой эле, Мелис Турганбаев Саламаттыкты сактоо министрлиги тактала элек маалымат берип жатканына таң калган.
Эске салсак, бүгүн, 8-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев СИЗО-1де бир кызматкер коронавирус жуктурган учур бар деп билдирген болчу.
Abal.kg