Окуялар

Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуулар болду (видео)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 8-майында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт.

Баткен облусунун Баткен районунун Чек жерлигинде , аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда чыр-чатак орун алган. Бул аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын-ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болду. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Буга чейин эки Өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт.

https://youtu.be/VB9NHoGwv3c

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button