Дүйнө

Муну «Пир во время чумы» дечү беле?.. Белоруссия бүгүн парад өткөрдү (видео)

9-май күнү Белоруссиянын борбору Минск шаарында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өткөрүлдү. Пандемия учурунда бул  параддын өтүшүнө Европанын коомчулугу катуу тынчсызданып, каршы экенин алдын-ала билдирген. Бирок, президент Александр Лукашенко ал кооптонууларды тооткон жок. Минскидеги Жеңиш парадын  9-майда Euronews түз алып көрсөттү.  

Парад көрүүгө эл жык-жыйма келген. Трибунада Белоруссиянын президенти А. Лукашенко баштаган өлкөнүн жетекчилери, согуш ардагерлери. Аянтта өтө шаңдуу маанай.   

Интернет айдыңында параддын өтүшүнө кубангандан А. Лукашенкону мактап, ага ыраазычылыгын билдиргендердин комментарийлер 90%тен ашып түштү. Бирок, ошол эле учурда, мунун арты эмне болот, деп өтө катуу тынчсызданган посттор да чыгып жатат. Ал түгүл бул парадды “При во время чумы” деп мүнөздөгөн комментарийлерди да окууга болот.

Кокус жакынкы күндөрү эпидемия күч ала турган болсо, Белоруссия авторитардык өлкө катары реалдуу цифраларды жашырып коюуга күчү жетээр бекен?..

14-апрелде президент Лукашенко “бизде коронавирус жок, андан эч ким көз жумбайт, кепилдик берем” деп айтканына карабастан, 10 миллиондун тегергиндеги эли бар Белоруссияда бүгүнкү күнгө карата расмий мааламыт боюнча вирус жуктургандардын саны 21 миңден ашып, көз жумгандар 121 кишиге жетти.

Президенттин ошондон берки кепилдиги бул жолу Жеңиш Парадына катышкан элди вирус жуктуруудан сактап калчу калкан боло алабы?..

А кокус, бул жолу да 14-апрелде айтылганга окшоп калып, өлкө “Италия сценарийине” түшүп кетсе эмне болот?..  

https://youtu.be/6hkUarcuJNY

  Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button