Дүйнө

Дүйнөнү апаат каптайт. 2019-жылы 22-августта Индияда 14 жаштагы өспүрүм айткан (видео)

2019-жылы 22-августта интернет баракчасына 2020-жылы дүйнө жүзүндө боло турган апаат тууралуу Индияда жашаган 14 жаштагы өспүрүм Абигьян Ананда  айтып чыккан экен. Анын видео-кайрылуусу төрт миллион көрүүчүлөрдү топтогон.

Ал бала видео кайрылуусунда Кытайдын Уханында башталган коронавирус тууралуу ачык айткан. Бул видеону Россиянын телеалыпбаруучусу Андрей Малахов “Прямой эфир” көрсөтүүсүндө да айтты.

Индиядагы өспүрүм: «2019-жылдын ноябрь айынан апрелге чейин дүйнөнү коркунуч каптайт. Дүйнөдө катастрофа болот, мен муну ааламдагы астрологиялык төлгө аркылуу билдим. 2020-жылдын 31-мартында дүйнөдө кризистин кульминациясы  болот. Кытайда абдан катуу чыңалуу болот. Түндүк Корея, Вьетнам, Пакистан, АКШ, Араб Эмираты, Израиль жана башка экономикасы бай, өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы талкаланат, көп адамдардын  жашоосу абдан өзгөрөт. Бул глобалдык карманын чагылышы. Муну жеңил, кайдыгер кароого болбойт. Албетте, жер планетасы бизди өлтүрөйүн деген жок, 2020-жылы 29-майында гана жер шарындагы жашоо өз нугуна түшө  баштайт… Анын себебин билүү үчүн абдан көп изденүүгө туура келет”,- деп айтылат видеодо.

https://youtu.be/Hcfo6tw-FxY

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button