Кыргызстанга Соль-Илецкиден келген карантиндегилердин ичинен качканга аракеттер болгон
Алардын арасынан 55инен коронавирус инфекциясы табылды.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев 10-майга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туурасында, массалык-маалымдоочу каражаттарга статистикалык маалымат берди. Ал маалыматка ылайык бир сутканын ичинде Кыргызстандын ичинде дагы 16 жаңы бейтап катталды. Төртөө аял киши 12си эркек. Ошол эле учурда Россиянын Соль-Илецск шаарынан атайын самолет менен алынып келинген 540 мигранттын ичинен 55инде коронавирус инфекциясы бышыкталган.
Башкы санитардык врач, Россиянын Оренбург областынын Соль-Илецк курорттук шаарынан алынып келген мигранттар “Манас” аэропортуна жакын жердеги “Семетей” обсерваторуна жайгаштырылгандыгын айтты. Тилекке каршы, ошончо миллондогон каражаттарга чыгым болуп, самолет менен ташылып алып келинген мигранттар, карантин шарттарын сактабай, дүрбөлөң чыгарышып, арасында обсерватордон качып чыгуу аракеттерин көргөндөр да болгонун, азыр аякка күч органдары тартылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн билдирди.
Abal.kg