Дүйнө
Белоруссия вирусту жуктуруу жагынан Европада 3-орунга чыкты

Бир сутканын ичинде Белоруссияда коронавирус инфекциясы 951 адамдан бышыкталды. Бейтаптардын жалпы саны республикада 22052 адамды түздү, 6050сү айыгып, 126 киши кайтыш болду. Бул тууралуу 10-майда Lenta. RU маалымдады.
9,5 миллион калкы бар Белоруссия элинин санына карата инфекция жугузуу жагынан проценттик катышы боюнча Европада үчүнчү орунга чыкты. Ал эми кечээ 9-майда Белоруссиянын борбору Минскиде Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад өткөрүлдү. Мындан мурда, апрелдин аягында Белоруссияда Пасха өткөргөндө инфекциянын таралышы дароо күчөгөнү баамга урунган. Эми параддан кийин республикада эпидемиологиялык абал кандай болот деп, Европа өлкөлөрү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСС — ВОЗ) катуу тынчсызданышууда.
Abal.kg