Дүйнө
Москвада коронавирустан бейтапкананын башкы дарыгери көз жумду

Москвада номер 180-шаардык поликлиниканын башкы врачы Юлия Сергеева коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Лента.Ру маалымдады.
Москва шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын сайты билдиргендей, башкы врачтан коронавирус COVID-19 табылган.
Сергеева өпкөнү жасалма желдетүүдө жана экстракорпоралдуу мембраналык оксигенация (ЭКМО) аппаратында 43 күн жаткан.
Ошого карабастан, коронавирус инфекциясыын айынан улаарып кеткен оорусу жашоосун улантууга жол бербегендиктен көз жумду.
Юлия Сергеева 30 жылдан ашык врач болуп иштеген, 180- поликлиниканы 2016-жылдан тарптып жетектей баштаган.
Abal.kg