Коом

Кыргызстанда кайсыл тармакка иштегенге уруксаат берилген жок (тизме)

Кыргызстанда 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди, дагы айрым тармактар азырынча жабык турат. Алар негизинен соода-сатыкка жана тейлөөгө байланыштуу жайлар.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, 21-майга чейин иштөөгө уруксаты жоктор төмөнкүлөр:

— Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору,

— Бут кийим оңдоо жайлары,

— Эмерек жасоо жана оңдоо,

— Соода борборлору,

— Кийим-кече саткан базарлар жана дүкөндөр,

— Автомашина сатылуучу базарлар,

— Жеке репетитор кызматы,

— Менчик үй-бүлөлүк мончо кызматы жана SPA-борборлор.

Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр бара-бара алынууда.

11-майдан тартып микрофинансылык уюмдарга, камсыздандыруу компанияларына, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, кыймылсыз мүлк агенттиктерине, адвокаттык кеңселерге, басма кызматтарына, техникалык тейлөө тармагына, курулуш, авто, тигүү материалдары сатылуучу дүкөн жана базарларга, автосалондорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына уруксат берилди.

Ушул эле күндөн тартып айрым аймактарда киргизилген өзгөчө абал режими токтотулуп, өзгөчө кырдаал калтырылды, коменданттык саат тартиби токтоду.

Мурда пландалгандай, автобус-троллейбустар 11-майда чыккан жок. Муну бийлик коронавирустун жайылуу коркунучу дагы эле чоң болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button