Карашев менен Никитенконун кандай байланышы бар?

Учурдагы парламенттин мөөнөтү бүтүп баратканда депутаттарды кепке тартып, абалдан кантип чыгабыз деп интервью алайын десең түз эле, эч ойлонбой туруп Өкмөттү сындап жатып калышат.
А өздөрүчү? Өкмөт бул жагынан аксаса, андай мындай кылгыла деп бир жазуу жүзүндө сунуш, план, стратегия көрсөтө алышпайт. Жок, анын ордуна эл көзүнө көрүнүү үчүн, согуп жатып калышат.
Депутат Наталья Никитенко дагы ошодой аракетке өтүп, Кактус маалымат агенттигине маек куруп, «Өкмөт эле, Өкмөт күнөөлүү, иштей албай жатат…» деп жан алы калбай ар тарабынан Өкмөттү сындаган экен.
Албетте эби-сыны жок, куру дооматтар. Ал өзү айткандай Өкмөттүн маанилүү кызмат орундарында (ключевой) жоопкерчиликти өзүнө алган чечкиндүү жетекчилер жок экен деген таризде сын тагат.
Никитенко айым болсо парламенттеги эң олуттуу деген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетти башкарып турат.
Өлкөдө кылмыштуулук азайып кеттиби, же ошол адам укуктарынын корголушу, же кылмышкерлердин жазалардан оңой кутулуп кетишине каршы кайсы жыргаткан мыйзамдар жазылды, эл ыраазы болуп, бул айымдын колун кыскандай?

Карантин маалында эл жакшы каралбай калды, антикризистик планы жок деп кокуйлайт. «Өкмөт бул жагын сен кара, биз бул документке көңүл буралы, эксперттерди биз тартып берели» деп өзү түзгөн Өкмөткө кол кабыш кылышы керек эле, отуруп алып эле очурулган кайненедей болуп, «кана, келе, болбойсуңбу» деген позицияны карманбай мындай кыйын кезеңде.
Ошого карабай, Өкмөт колдон келген аракети менен Кыргызстандын чегиндеги муктаждарды карантин маалында камсыздай алды десек болот. Чет жактагы мекендештерди четинен алып келип жатат. Бул жерде бир эле кыргыз өкмөтүнүн колундагы маселе эмес экенин түркөйлөр эле кабыл алгысы келбейт экен.
Медиктерге кошумча төлөм төлөө боюнча мыйзам долбоору тууралуу суроо берилсе да Никитенко айым Өкмөттү ортого салып, «оозун куру чөп» менен аарчыйт.
Долбоор боюнча эмне иш кылып жатканы белгисиз. Анын түздөн-түз милдети да, иштеп чыгып, анда-санда болуп жаткан жыйынга алып чыгып, кабыл алып бер да. Кыязы Өкмөт жазып берсе, автор болгусу келип күтүп отурат го?
Никитенко акылдуу көрүнүмүш болуп, сын айтып жатканда, дагы бир сулуу чымчык депутаттардын бири Аалы Карашев да Өкмөт минтиш керек, тигинтиш керек деп чыкты.
Кудум Никитенко менен сүйлөшүп алгандай? Айырмасы, кантсе да Карашев Өкмөттө бир аз иштеп калбадыбы, анчалык даап сындай албай, ошентсе да акылдуу сөздөрүн аябаптыр.
Бирок биринчиси, экинчиси деп тизмектеп санагандарынын көбүн Өкмөт аткарып, же пландап жаткан эле иштер экен. Болгону тизмектелип берилиптир.
Бирок Аалы мырзанын буга чейин мындай анализдер менен чыгып, прогноз жасаганы эмнегедир эсте жок. 100% болбосо да ага кимдир бирөөлөр даярдап бергени көрүнүп турат. Ким болду экен, Аалыкени пиарлаган?
Сындардын, почерктердин окшоштугун эске алсак, анда Аалы мырзага Никитенко айым даярдап берген окшойт. А эмне үчүн?
Abal.kg