Коом
“Кочкор коому” калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардамдарды берди (видео)

Кыргызстанда коронавирус илдети аныкталып, өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенден тарта баардык мекемелер ишин токтотуп, эл күчөтүлгөн тартипте карантинде отуруп калышты. Ушундай кыйын кырдаалда Кыргызстандын аттуу-баштуу адамдары, уюмдар, ар кандай коомдор калктын аярлуу катмарына жардамдарын берип келишти.

Жакында эле Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун элине «Кочкор» коому 400 үй-бүлөөгө жардам берди. 9-Май Улуу Жеңиштин алдында жана Улуу Орозо айында Кочкор райадминстрациясынын алдына «Кочкор» коому райондогу муктаж болгон 400 үй-бүлөөгө (400 миң сомдун азык-түлүк) өз жардамдарын беришти.
«Кочкор» коому май айынын башында дагы райондук ооруканага 500 миң сом ар кандай жардамдарды беришкен эле.
Abal.kg