Окуялар
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 кош бойлуу аял бар

Республика боюнча 14 кош бойлуу аялдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингдин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, кош бойлууларды бул илдеттен дарылоонун өзүнчө ыкмалары бар. Дарыгерлер ошол ыкмаларды колдонуп, аларды оорудан айыктырып жатышат. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында вирус жуктуруп алгандар жок.
“Кыргызстанда жалпысынан 112 бала коронавирус жуктуруп алган”, – дейт ал.
Abal.kg



