Коом

Кой-Таш окуясында курман болгон Үсөнбек Ниязбековго эстелик коюлду

Өткөн жылы август айында Кой-Таштагы окуяда ок жеп, курман болгон “Альфа” атайын кызматынын жоокерине бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик коюлду.

«Альфа” атайын кызматынын кызматкери, маркум Үсөнбек Ниязбековду жакындары эскерип,  ал Ата-Мекендин чыныгы баатыры катары кызматтык учурунда курман болгонун айтышты.

Эскерте кетсек, Үсөнбек Ниязалиевге былтыр 7-апрелде мурдагы  президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы  үйүн курчоого алган учурда ок тийип, курман болгон. Маркум полковникке “Эрдик” медаль берилип, коомчулук өтө кайгыруу менен аны акыркы сапарга узаткан эле.

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы коогалаң боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши бүтүп, сот карап жаткан учур. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына КР КЖКнын “Массалык баш-аламандык уюштурганы”, “Бейбаштык”, “Бийликти күч менен тартып алуу”, “Адам өлтүрүү” жана башка беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button