Коом

Пандемия башталгандан бери 9 миңден ашуун кыргыз жараны чет өлкөдөн кайтып келген

Дүйнө жүзүндө пандемия башталгандан тарта  Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурдан тарта  23  чет өлкөдөн авиация жана унаа аркылуу 9 миң 196 мекендешибиз кайтып келген.

Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button