Коом

Экс-губернатор Туйгунаалы Абдраимовдун уулу Элмурат Абдраимов майлуу-сүттүү кызматка дайындалды

БШКнын экс-жетекчиси, өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун уулу Элмурат Абдраимов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу Барсмедиа агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Элмурат Абдраимов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисинин орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрук 27-апрелде чыккан.

Эске салсак, кезинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси 10 миң доллардын тегерегиндеги айлык алат, кылган ишинен болсо дайын жок деп ызы-чуу да чыккан болчу.

Элмурат Абдраимов 1982-жылы туулган, үй-бүлөөлүү. Кесиби боюнча юрист.

Ал буга чейин “Кыргызалтында”, “Айыл Банкта” да иштеген. Мындан сырткары ал өздөрүнүн үй-бүлөөсүнө тиешелүү “Кайнар” ЖАКынын директорлор кеңешинин мүчөсү, ревизору болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналистти “сенин кебетең мага жакпайт, ошондуктан сени менен сүйлөшпөйм” деп айтканы үчүн коомчулукта катуу талкууга алынып, кызматтан кеткен эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button