Америкалык келин кыргыздын тоюуна каршы чыкты (видео)
Бул былтыр жайында тартылган «Америкалык келин» фильминин бир эпизоду. Фильмдин премьерасы быйыл апрель айынын ортосунда өтмөк. Карантинге байланыштуу күзгө жылдырылды. Бул эпизодду, биздин сайттын өтүнүчү менен фильмдин режиссеру атайы өзүнчө монтаждатып берген.
Нике кайып буюруп, кыргызстандык жигит Эрболот менен Америкадан келген кыз Женни баш кошуп калышат. Кыргыздын, акыркы кездеги айрыкча кеңири тараган салтына ылайык, Эрболоттун ата-эне, ага-туугандары тарапта келин-уулдун үйлөнүү тоюн өткөрүү маселеси көтөрүлөт. Келиндин кайын агасы менен абысындары тойду толтура “гелендвагендерди коштотуп, супер тойконада өткөрүш керек” деген көз карашта. Кокус каражат жетпесе кредит ала койсо болот деген ниетте. Бирок, Женни кыргызча той өткөрүүдөн караманча баш тартат…
Abal.kg



