Беткапсыз жүргөндөргө Чехия €400 айып төлөтөт. 49 өлкөдө милдеттүү тагынуу киргизилди
Бул тууралуу 13-майда News.mail.ru билдирип, буга мисал катары 12 мамлекеттеги маалыматты көрсөттү.
Беткапсыз жүргөндөргө өтө чоң айып Чехияда коюлган: €400 (отуз эки миң сомдон ашык).
Пандемиядан акырындап чыгып, экономиканы калыбына келтире баштап, адамдардын жашоо-шартын оңдоого умтулуу үчүн, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери эпидемиологиялык абалды кайрадан күчтөтүп ийбей турган бир нече шартты сөзсүз сактоо эрежерин киргизе башташты.
Эң биринчи эреже – коомдук жайларда жана коомдук унаада беткапты сөзсүз тагынып жүрүү. Коомдук жайларга дүкөндөр, дарыканалар, ашкана, кафе, бар, ресторандар, бир нече адамдан көбүрөөк чогулган жерлер кирет.

Экинчи эреже – көчөдө, коомдук жайларда мээлей кийип жүрүү, же антисептиктерди активдүү колдонуу.
Үчүнчү эреже – жеке гигиенаны өтө так сактоо (колду, бетти, дененин ачык жерлерин самындап бат-баттан жууп туруу).
Эскерте кетсек, беткапты коомдук жайларда милдеттүү тагынуу Кыргызстанда да киргизилген.
Abal.kg