Дүйнө

«Испанканын сабагы»: карантинди эрте ачпагыла дейт атактуу окумуштуу

Адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн карантин режими 12 жумага чейин  созулуш керек.

Мындан жүз жыл мурда социалдык дистанция испан гриппинен өлүмдү олуттуу азайтууга алып келе алган эмес. Анткени, карантин тиешелүү убакытка чейин созулбаган. Бул тууралуу Bloomberg жазды, деп 12-майда zakon.kz билдирди.

Америкалык окумуштуу, жазуучу, экономист, Гарвард университетинин профессору  Роберт Барро,  «испанканын» учурунда мектептердин жабылышы, коомдук жайларда жыйындардын өткөрүлүшүнө тыюу салуу, ошондой эле карантин, изоляция жана башка чаралар АКШнын шаарларында көп адамдарды сактап кала алган эмес, анткени алар бар болгону “орто эсеп менен бир айга гана созулган” деп эсептейт.

Ал эми 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынын сабагы — адамдарды жалпы өлүмдөн дарылоосуз сактап калууга бир нече жума жетишсиз экендигинде турат.  4-6 жумага караганда 12 жума көбүрөөк натыйжа берет, деп эсептейт Барро.

Барронун эсеби узакка созулган карантиндин экономикалык жоготууларын эске албайт.  

Ички дүң продукция (ВВП) кандай төмөндөбөсүн, ал адамдын өмүрүн сактоонун экономикалык баалуулугу менен өлчөнүш керек, дейт окумуштуу. Өлүм коркунучу бар иш үчүн адамдар кызмат акысын канча сураарынан келип чыгып, бир кишинин өмүрүн экономист 10 миллион долларга баалайт. Анын сөзү боюнча, 12 жумалык карантинде да чыгымга караганда пайдасы алда кача жогору болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button