Дүйнө

Аялдарды коронавирус тукумсуздукка алып келет деп эскертишти окумуштуулар

Кытай окумуштуулары коронавирус патогени  төрөө органына коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Ухань пневмониясы (коронавирус) менен ооруп айыккан аялдар тукумсуз болуп калышы ыктымал деп эскертишти адистер. Бул тууралуу 12-майда Известия билдирди.

Май айынын башында,  Кытайдын Цзининь  медициналык университетинин (Jining Medical University) физиология департаментинин илимпоздору, коронавирустун аялдардын төрөө органына тийгизе турган терс таасири тууралуу илимий макала жарыялашты.

Кытай окумуштуулары коронавирус аялдын жумурткаларын, жатынын, плацентин  жана башка төрөө органдарын жабыркатышы ыктымал деп жоромолдошот. Анткени, бул огандардын клеткаларынын үстүндө белок ACE2 жайгашкан. Ал белок патогендин түздөн-түз кире турган дарбазасы, деп эсептешет. Андыктан SARS-CoV-2 аялдарды тукумсуздукка алып келе турган потенциалга ээ, деп санашат.

Ал макалада бул белоктун (ACE2) адамдын боорунда, бөйрөгүндө жана борбордук нерв системасынан да табылганын далилдеген илимий макалалар да жарыяланганы айтылган.

Албетте, бул азырынча гипотеза гана, так тыянактар Ухань илдетинен ооруп айыккан аялдардын саламаттыгын көзөмөлгө тыкыр алганда гана белгилүү болот.    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button