Коом
Коронавирус. Айыккандар көбөйүп, жуктургандар азаюуда

Өткөн суткада Кыргызстанда 17 киши коронавирустан айыгып чыкты. Ошол эле учурда жети кишинин инфекция жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Айыккандар:
“Бишкекте 10, Нарында 1, Баткенке 4, Жалал-Абадда 2 киши сакайды”, — деди Үсөнбаев.
Жалпысынан айыгып, үйүнө жиберилгендердин саны 726га жетти. Бул бардык вирус жугузуп алгандардын дээрлик 70 пайызы.
Abal.kg



