Окуялар

Тоодо мал кайтарып жүргөн жигитке чагылган тийип каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында 25 жаштагы жигитти чагылган уруп каза болду. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Кырсык Саз деп аталган жайлоодо болгон. Маркум эки айылдашы менен мал жайып жүргөн.

«Болжол менен саат 17:20лар чамасында жигитке жана эшегине чагылган тийип, ошол жерден жан берген. Окуя шеригинин көзүнчө болгондугун Тез жардам кызматынан айтышты», — деп кабарлашты милициядан.

Маалыматта анын алты бир туугандын кенжеси болгондугу жана үйлөнө электиги айтылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button