Саясат

Жолдошбаев карантин убагында кредитин төлөй албаган жарандарды сынга алды (видео)

Кечээ, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети банктардан кредит алып, бирок учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу төлөй албай жаткандардын пайызын жеӊилдетип берүү боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Искендер Матраимов, “Карантинге байланыштуу учурда көптөгөн жарандар, ишканалар ишин токтотушкан. Алар, “эртеӊ кредитти кантип төлөйм”- деп көйгөйлөрүн айтып, чочулап жатышат. Официалдык статистикага таянсак, Кыргызстанда бир миллиондой жарандарга микро жана чакан бизнеске насыя берилген. Өкмөт бул маселеге өз убагында көӊүл буруп, төлөмдү жылдырууну сунуштап, аракеттерин кылды, бирок ал сунуштары элдин көйгөйлөрүн жеӊилдеткен жок. “Отсрочка” деп өкмөт айтканда, көпчүлүк жарандар “карантин маалындагы иштебеген күндөргө процент төлөбөйт экенбиз, кредиттин мөөнөтүн узартты” – деп ойлошкон.  Чындыгында, бул жерде банктар насыя төлөмдөрүн жылдырууга убада бергени менен, иш жүзүндө анын үстөк процентин кийинки айларга кошуп салат экен”-деди.

Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кесиптешинин демилгесине каршы чыгып, “Кредит алып төлөй албай жаткандарга жеӊилдик берилиши керек дегенди колдобойм. Мисалы, насыя алып той өткөрүп, тойдон көп акча чогултуп алгандар бар. Ошол акчалары менен жаап коюшпайт. Карантин маалында эмес, жакшы мезгилдерде деле төлөбөй соттошкондор толтура”-деди.

https://youtu.be/MQUHtyBqH-0

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button