Ким Чен Ын кайра жоголду

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2-майда бир көрүнүп коюп, белгисиз себептер менен кайра жоголду. Муну New York Post басылмасы баамдаган, деп билдирди Лента.Ру, 13-майда.
Ал ошондон бери эл алдына чыга элек, 12 күндөн бери эч кандай билдирүү да жасаган жок, деп белгилейт басылма. «Балким ал фабрикалардын тасмасын кесип жүргөндүр (…), бирок биз чын эле ошонун сүрөтү экенин да текшере албайбыз», — деп айтты АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’ Браен, акыркы жолу Ким Чен Ындын эл көзүнө көрүнгөнүнө комментирий берип.
2-майда интерент желесинде жер семирткичтерди чыгара турган заводдун ачылышында Ким Чен Ын салтанаттуу тасма кесип жаткан кадрлар чыккан. Өлдү деп айтылган каңшаарларга карабастан анда КЭДРдин лидери саламаттыгы чың көрүнгөн.
15-апрелде Ким Чен Ын КЭДРдин негиздөөчүсү, чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүн майрамдоого катышкан эмес. Ошондон баштап саясатчынын өлгөнү же оору экендиги тууралуу каңшаарлар тарай баштаган. Түндүк Кореянын лидери ордунан тура албайт, өз алдынча жакшы баса албайт же «чалажан абалда жатат» деген жоромолдор айтылган.
Abal.kg