Саясат

Парламент Премьер-министрдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун карады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Талкуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button