Окуялар
Алайда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Түндө Кыргызстандын аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда:
«14-майда саат 03:09да Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында беш балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында төрт балл, Кара-Киндик айылында үч баллга чейин сезилген».
Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.
Abal.kg



