Маданият
Ырчы Кызсайкал Кабылова «мамалагым» деген жигитин көрсөттү (фото)

Мындан эки-үч күн мурда Кызсайкал өзүнүн Инстаграм баракчасына бир жигиттин сүрөтүн коюп, бирок бетин жаап, ушул сүрөткө 20 000 ден ашык «лайк» анан 20 000ден ашык комментарий алса мен мамалагымдын жүзүн көрсөтөм деген.

Аталган сүрөт лайк алганы менен комментарийи он миңге да жетпеди. Бирок, аткаруучу «мамалагынын» сүрөтүн ачыкка чыгарды.
Ал «Алыш» күрөшү боюнча Азия чемпиону Эсенбек Кудайбердиев экенин ачыктаган.

Эми социалдык түйүндүн окурмандары бул маалыматтын чын-төгүнүн изилдешүүдө. Себеби, буга чейин Кызсайкалды алпаруучу Сагын Эргешов менен «кыз-жигит» мамилесинде деген имиштер бар эле. Ошондой эле, Кызсайкал өз баракчасынан Сагын менен түшкөн сурөт-видеолорун өчүрүп салган.

Abal.kg



