Окуялар
Бишкекте 6-кабаттан кулаган кыз каза болду

Бишкекте 6-кабаттан кулаган кыз каза болду. Бул туралуу укук коргоо органдары маалымдашты.
Күбөлөрдүн айтымында ал өз жанын кыйган.
Маалыматка ылайык, кечээ 14-майда 16.00дөр чамасында тез жардам чакырылып, 6-кабаттан кыздын кулап кеткени тууралуу айтылган. Маркум кыздын денесинин көп жеринде сынык болгон, башы жарылган. Медиктер келгенде кыз тирүү болгон. Бирок ооруканага бараткан жолдо каза болгон деп айтылат маалыматта.
Abal.kg