Коом
Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Кыргызстандын 59 жараны келди

Кечээ,
14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59
жараны кайтты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Кыргызстандыктар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик
каттамы менен учуп келишти. Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48
КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11
кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан
уюштурулган.
Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.
Abal.kg



