Акыркы коңгуроо аземи онлайн түрүндө өтө турган болду

2020-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо аземин онлайн форматында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, акыркы коңгуроо 30-майга туш келет.
«Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу акыркы коңгуроону кандай форматта өткөрсөк, бүтүрүүчүлөрдү кантип куттуктасак деп ойлондук. Салтка айлангандай салтанаттуу иш-чараларды өткөрө албайбыз. Анткени балдардын ден-соолугу баарынан маанилүү. Муну ата-энелер, педагогдор түшүнүп жатат. Мындан улам аземди онлайн форматында өткөрүү каралууда. Анда белгилүү инсандар, ата-энелер, мектеп жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү онлайн куттуктап, кеңештерин айтышат. Бардык адамдарды бул акцияга катышкыла деп чакырып кетет элем», — деди Жусупбекова.
Министрдин орун басары 1-июндан тарта жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталарын айтып, ЖРТга каттоо бүгүн, 15-майда, бүтөрүн кошумчалады.
Abal.kg