Коом
Россияда акыркы суткада 10 598 жаңы учур катталып, 113 адам вирустан каза болду
Акыркы сутка ичинде Орусияда вирус жуктурган 10 598 жаңы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн орусиялык коронвируска каршы күрөшү боюнча штабы билдирди. Бул тууралуу iz.ru сайты жазып чыкты.
Орусиянын 85 аймагынан бир күндө 10 598 жаңы учур катталды. Бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Андан сырткары дагы 4504 (42,5%) адамда активдүү эмес клиникалык көрсөткүчү барлар дагы катталган. Буга чейин COVID-19 вирусунун жайылышы Орусия аймактары боюнча токтоп, азайып баштады деп билдиришкен. Ал эми каза болгондордун саны азайып, учурда 1% түзөт. Бирок бүгүнкү күнгө 113 адам вирустан каза болгону дагы айтылды.
Abal.kg