Саясат
Эркин Асрандиев: Тыштан келген жардамдар бизнести колдоо үчүн колдонулат

Эл аралык донорлордон түшкөн каражаттарды эсепке алуу covid.kg сайтында жарыяланат. Бул тууралуу «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
« ЭВФтин 241,6 миллион долларынын 120,8 миллиону али колдонула элек. Биринчи транш бюджеттин корголгон статьяларына жумшалды », – деди Эркин Асрандиев.
«Биз тыштан келген жардамды кайтарып берүү негизинде, бизнести колдоо үчүн гана колдонобуз. Бул карыз экендигин түшүнүп турабыз, 10-15 жылдан кийин кайтарып беришибиз керек ”, – деди вице-премьер-министр.
Abal.kg