Коом

Кыргызстанда дагы 21 кишиден коронавирус табылды, 10 жаран Россиядан келген мекендештер

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев,  массалык маалымдоочу каражаттарга 17-майга карата эпидемиологиялык абал туурасында статистикалык маалымат берген учурда билдири.

Росссиянын Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген аскер лицейинде окуган

10 кыргыз курсантынан коронавирус чыкканы бышыкталды.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул дарттан айыгып  чыккандардын саны 804 кишини түздү.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экспресс-анализден баш тарткандарга кандай чара колдонулат, деген суроого, Н. Үсөнбаев алар түшүнүү менен мамиле кылат болуш керек, карантин учурунда ар бир адамдын жеке жана коллективдүү жоопкерчилиги каралган деп айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button